Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында IT-инфраструктураны долбоорлоо, иштеп чыгуу, коштоо жана эксплуатациялоо чөйрөсүндө универсалдуу технологиялар жана көндүмдөргө ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Студенттер физикалык инфраструктуранын объектилерин: серверлерди, маалыматтарды сактоо системаларын, коммутаторлорду, маршрутизаторлорду, концентраторлорду, колдонуучулардын жумушчу орундарын ж.б. жана аларда иштеген программалык камсыздоону камтыган программалык жана аппараттык компоненттердин бүтүндөй комплекси менен иштөөнү үйрөнүшөт. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жана коммерциялык уюмдарда жана түзүмдөрдө жогорку суроо-талапка ээ.