Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында маалыматтарды сактоо, иштеп чыгуу жана берүү, ошондой эле автоматташтыруу маселелерин чечүү үчүн комплекстердин, системалардын жана тармактардын курамына кирген санариптик түзүлүштөрдү долбоорлоо, иштеп чыгуу, коштоо, эксплуатациялоо жана программалоо боюнча технологиялар жана көндүмдөргө ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Студенттер логикалык интегралдык схемалардын, микроконтроллерлердин жана микропроцессорлордун кеңири спектри менен иштөөнү үйрөнүшөт. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жана коммерциялык уюмдарда жана түзүмдөрдө абдан талап кылынат.