Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында мобилдик, браузердик жана десктоптук кардар-сервер системаларын долбоорлоо жана иштеп чыгуу технологияларына жана көндүмдөрүнө ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Студенттердин компетенциялык тармактары бир эле учурда frontend, backend, mobile жана desktop иштеп чыгуу, ошондой эле сервистик программалык камсыздоону башкаруу, маалыматтык менеджмент, маалымат базаларын жана сактагычтарын долбоорлоо жана түзүү болуп саналат. Бүтүрүүчүлөр интернет-сайттарды, мобилдик тиркемелерди, маалыматтык системаларды жана ар кандай максаттагы кызматтарды иштеп чыгуу жана коштоо зарылдыгына байланыштуу талап кылынат.