Окуу программасы жөнүндө
Программанын алкагында ар кандай багыттарда жана ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө чечим кабыл алууну колдогон программалык камсыздоо жана маалыматтык системаларды түзүү боюнча универсалдуу технологиялар жана көндүмдөргө ээ адистерди даярдоо жүргүзүлөт. Студенттер нейрон тармактарын долбоорлоо жана окутуу, көп агенттик моделдөө, интеллектуалдык маалыматтык технологияларды изилдешет. Бүтүрүүчүлөр жасалма интеллектти колдонуу чөйрөсүнүн кеңейиши жана уюштуруу системаларын башкаруу процесстеринде маалыматтарды интеллектуалдык талдоо зарылдыгы менен байланыштуу эмгек рыногунда жогорку суроо-талапка ээ.