Окуу программасы жөнүндө
«Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар» адистиги жерге жайгаштыруу, кадастрлар жана кыймылсыз мүлктү баалоо, шаар куруу жана калктуу конуштарды пландаштыруу, геодезия, топография жана колдонмо фотограмметрия жаатында кеңири билимге, көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ заманбап жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону камсыз кылат. Студенттер мамлекеттик кадастрдык эсепке алуу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо, кыймылсыз мүлк объектилерин техникалык инвентаризациялоо боюнча заманбап укуктук, методикалык, маалыматтык камсыздоону өздөштүрүшөт, жер-кадастрдык документтерди тариздөө технологияларын изилдешет.