Окуу программасы жөнүндө
Бул профиль боюнча окуу процессинде студенттер маалыматтык процесстерди, технологияларды, системаларды жана тармактарды, алардын инструменталдык (программалык, техникалык, уюштуруучулук) камсыздоосун, ар кандай тармактардагы маалыматтык технологияларды жана системаларды долбоорлоо, мүчүлүштүктөрдү оңдоо, өндүрүү жана эксплуатациялоо ыкмаларын жана методдорун изилдешет: илим, техника, билим берүү, административдик башкаруу, бизнес, ишкердик, коммерция, менеджмент, маалыматтык системалардын коопсуздугу, технологиялык процесстерди башкаруу, байланыш, телекоммуникациялар, инфокоммуникацияларды башкаруу, тоо-кен иши жана башкалар.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бул профилдин бүтүрүүчүлөрү иштей алышат: ар кандай багыттагы IT-компанияларда (программалык камсыздоону иштеп чыгуу, даяр программалык чечимдерди киргизүү, системалык интеграция ж.б.), ар кандай тармактык багыттагы ишканалардын жана уюмдардын IT бөлүмдөрүндө (өнөр жай, соода, транспорт, медицина, билим берүү, турак жай-коммуналдык кызматтар ж.б.), банктарда, долбоордук жана илимий-изилдөө институттарында жана башка көптөгөн түзүмдөрдө, алардын менчик формаларына карабастан.