Окуу программасы жөнүндө
Бул профиль боюнча окуу процессинде студенттер теориялык информатика, башкаруу теориясы жана маалыматтык жана тармактык технологиялар, маалыматтык системаларды долбоорлоо, электрондук эсептөө машиналарынын архитектурасы жана операциялык системалар бөлүмдөрү менен таанышат, жогорку деңгээлдеги процедуралык жана объекттик программалоо тилин үйрөнүшөт, ошондой эле маалымат базаларын башкаруу системаларын түзүү жана колдонуу, web-программалоо боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бул профилдин бүтүрүүчүлөрү автоматташтырылган маалымат иштетүү жана башкаруу системаларын долбоорлогон же эксплуатациялаган ар кандай өндүрүш уюмунда, сервистик компанияларда, илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдарда иштей алышат. Бүтүрүүчү талапкер боло турган кызмат орундары: маалымат иштетүү жана башкаруу автоматташтырылган системалары боюнча инженер, ишканаларда маалымат процесстерин башкаруу боюнча менеджер, эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды рационалдуу колдонуу боюнча инженер-аналитик, СУБД үчүн маалымат модулдарын иштеп чыгуучу.